Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:39

Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гуттериш Кыргызстанга келет. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, 11-майда Кыргызстандын тышкы саясий мекемесинин башчысынын орун басары Динара Кемелова БУУнун Баш катчысынын атайын өкүлү Петко Драганов менен жолукту. Эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу маселелери менен катар Антониу Гуттериштин Кыргызстанга пландалып жаткан сапарынын программасы талкууланды. (RK)

XS
SM
MD
LG