Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Манчестерде жардырууну ишке ашырган деген шектүүнүн аты аталды


«Манчестер Арена» cтадиону
«Манчестер Арена» cтадиону

Британ бийлиги Манчестер жардыруусун ишке ашырууга шектүү делген Салман Абеди экенин аныктаганын АКШ расмийлерине таянып айрым маалымат каражаттары жазышты.

Британиялык The Telegraph гезити Абеди 1994-жылы Манчестерде төрөлгөн деп кабарлайт. Анын ата-энеси Англияга Муаммар Каддафинин режиминен качып Ливиядан келишкен делет.

23-майда британ премьер-министри Тереза Мэй жанкечтинин тек жайын атайын кызмат тактаганын, бирок иликтөө жүрүп жатканына байланыштуу кенен маалымат бере алышпаганын айткан болчу.

22-майдын түнүндөгү «Манчестер Арена» концерттик залындагы жардыруудан 22 адам өлгөн. 60тай киши жаракат алышкан. Британ бийлиги аны теракт деп атады.

Кандуу калабага «Ислам мамлекети» террор тобу жоопкерчилик алып, аны өз жоокери жасаганын билдирди.

XS
SM
MD
LG