Линктер

шаршемби, 20-июнь, 2018 Бишкек убактысы 19:15

Азербайжанда журналист Нижат Амираслановдун адвокаты камактагы журналист кыйноого кабылып, тиштеринин бардыгы жулунганын билдирет.

Азербайжандын түндүгүндө журналист Амирасланов 22-майда кармалып, полицияга каршылык көрсөттү деген жүйө менен сот 30 күнгө камакка алууга чечим чыгарган. 3-июнда апелляциялык арызын кайтарып алган журналист күнөөсүн мойнуна алган.

Адвокат Элчин Садыков Амираслановду сотко алып келишкенде тиши жок келгенин, ага чейин эле тиштери ордунда экенин көргөнүн билдирет.

“Тиштериң эмне болду десек, баары түшүп калды деп койгонун” айткан адвокат судьянын жардамчысы Амираслановго көрсөтмө берип, күнөөсүн мойнуна алганын жаздырганын кошумчалайт.

24-майда Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (СPJ) азербайжан бийликтерин “сын айткан кабарчыларды куугунтуктоону жана кармоону токтотууга” чакырган.

2003-жылы атасынан кийин президенттикке келген Илхам Алиев бийликтин дарегине айтылган сын пикирди жактырбаганы белгилүү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG