Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:47

Украина Сергей Кусюкту экстрадициялоону талап кылды


Сергей Кусюк
Сергей Кусюк

Украинанын Башкы прокуратурасы ИИМдин атайын бөлүмү "Бүркүттүн" мурдагы командири Сергей Кусюкту экстрадициялоо тууралуу өтүнүч менен Орусияга кайрылды. Ал 12-июнда Москвадагы коррупцияга каршы өткөн митингди кууп-таратуу учурунда орус күч кызматкерлеринин арасында жүргөнү белгилүү болгон.

Сергей Кусюкка украин прокуратурасы 2015-жылы издөө жарыялаганын прокуратуранын атайын иликтөө департаментинин башчысы маалымдады.

"Бүркүт" атайын бөлүмүнүн мурдагы командирине 2010-жылы "Волынь трагедиясы" деп аталган көргөзмөдөгү зомбулукка жана 2013-жылы Евромайдандын катышуучуларын күч менен кууп таркатуудагы аракеттери үчүн кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG