Бул тууралуу прокурорлор билдирүүдө. Алардын айтымында, теги боюнча марокколук 36 жаштагы адам Брюсселдин темир жол вокзалында бомбаны 20-июндун кечинде дүрмөткө келтирген.
Бирок сумканын ичинде курамы мыктардан жана газ баллондордон турган жабдуу жарым-жартылай гана жарылып, аны дүрмөткө келтирген адам күзөттөгү жоокерге “Аллах акбар” деп кол салган. Жоокер болсо кылмышка шектүүгө ок чыгарып, ал мерт болгон.
Прокурорлор ошондой эле марокколуктун Брюсселдин мигранттар жашаган Мөленбек районундагы үйү тинтилгенин, ал мурда террорчу катары шектелбегенин кошумчалашты.
Бельгия премьери Шарль Мишель болсо өкмөттүн бүгүнкү коопсуздук жыйынынан кийин темир жол станциясында “террордук чабуул” алдын алынды деп белгилеп, коомдук жайларды, транспорт бекеттерин, ири иш-чаралардын коопсуздугун камсыздоо боюнча кошумча чаралар көрүлүп жатканын билдирди.
Былтыр март айында Брюсселдин аэропортундагы жана метросундагы жардыруулардан 32 кишинин өмүрү кыйылган. (UE)