Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:51

Эрдогандын жансакчысынын өлүмүнө шектүү кыз сурак берип жатат


Өзбекстандык Фарида Байрамова аттуу студент кыз өткөн аптада Стамбулдагы Бейликдюз полициясы тарабынан кармалган. Ал Түркия президентинин күзөт башкармалыгында иштеген Рамазан Өзчелекти өлтүрүүгө шектелүүдө.

«Азаттыктын» өзбек кызматы Бейликдюз райондук полициясынын өкүлүнө таянып жазышынча, 25 жаштагы кыз антитеррористтик бөлүмдө сурак берүүдө.

"Хабертүрк" гезитинин кабарчысы Сарияр Муслимдин айтымында, 2016-жылдан тарта президенттик күзөт кызматында иштей баштаган 24 жаштагы Өзчелектин сөөгү өткөн дүйшөмбүдө үйүнөн табылган. Ал башына атылган октон каза болгон.

Кыз менен жигит тогуз ай мурда интернеттен таанышкан.

Сурак учурунда Байрамова жигитке «орус рулеткасы» аттуу оюнду көрсөтүп жаткан учурда кокустук болуп кеткенин айткан. Бирок "Хурриет" гезити тергөөчүлөр көрсөтмөдө карама-каршылык бар экенин айтышканын жазууда.

XS
SM
MD
LG