Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:37

29-июндун аба ырайы


Кыргызстанда 29-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолордо кар түшөт. Күндүз кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 25...30;

Таласта 10...15, күндүз 25...30;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14...19, күндүз 27...32;

Баткенде түнкүсүн 14...19, күндүз 27...32;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 10...15, күндүз 18...23;

Нарын облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 16...21 градуска чейин жогорулайт.

Бишкекте 29-июнда түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт, күндүз жаан-чачын жок. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16...18, күндүз 27...29 градуска көтөрүлөт.

XS
SM
MD
LG