Бишкекте мектептерде ачылган жайкы лагерлердин иши бүгүн жыйынтыкталат. 5-июнда 32 мектепте ачылган лагерлерде жалпысынан 3,5 миңге жакын бала эс алды.
Эс алуу түрдүү жеңилдетилген окуу программалары, маданий-эстетикалык тарбиялоо, кызыктуу оюн-таймаштар менен коштолду. Жаш интеллектуалдардын «Жаш акылман» мелдеши, «Балдар ааламы» сүрөт көргөзмөсү, спартакиадалар «Жол эрежеси» викторинасы жана «Менин борборум!» экскурсиялары уюштурулду.
Ар бир мектепте медициналык пункттар да иштеп жатты.
Жаңы окуу жылы 1-сентябрда башталат. (RK)