Орус президенти Владимир Путин Батыштын санкцияларына жооп иретинде киргизилген контрсанкциялардын мөөнөтүн 2018-жылдын аягына чейин узартты. Анын мындай жарлыгы укуктук маалыматтардын расмий порталына жарыяланды.
2014-жылы Батыш өлкөлөрү Крымдын аннексиясы жана Орусиянын Украинанын чыгышындагы жикчилдерге колдоо көрсөткөнү үчүн расмий Москвага бир катар санкцияларды киргизген. Андан көп өтпөй Кремль санкцияны колдогон өлкөлөрдөн азык-түлүк сатып алууну токтотуп койгон.
Мындай контрсанкциялар киргизилгенден кийин Орусияда Батыш мамлекеттеринен мыйзамсыз алынып келинген ондогон тонна азык-түлүк жок кылынган.