Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:07

Кыргызстан жана Түркия муфтийлери өз ара кызматташтыкты талкуулады


Түркия Диний иштер башкармалыгынын башчысы М.Гөрмез Кыргызстандын муфтийи М.Токтомушев менен жолугушту. Анкара. 13.7.2017.
Түркия Диний иштер башкармалыгынын башчысы М.Гөрмез Кыргызстандын муфтийи М.Токтомушев менен жолугушту. Анкара. 13.7.2017.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришкендей, муфтий Максатбек ажы Токтомушев менен Түркия Диний иштер башкармалыгынын башчысы, профессор Мехмет Гөрмездин жолугушуусу 13-июлда өттү.

Түркиядагы бул кездешүүдө тараптар имамдардын билимин жогорулатуу, кыргызча диний адабияттарды көбөйтүү, ажылык иштери тууралуу пикир алышты. Түркия Дин иштер башкармалыгынын жетекчиси (Diyanet İşleri Başkanı​) Гөрмез өз сөзүндө Кыргызстан тарап гүленчилердин иш-аракетинен сак болушу керек деген оюн айтты.

Муфтий Түркияга сапар менен өткөн аптада барган. Анын жүрүшүндө 14-июлда түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган катышкан мечитте жума намазын окуп, Болу шаарында диний билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушту.

Кыргыз муфтийинин Анкарадагы сапары учурунда ​мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун АКШда бозгунда жүргөн диний аалым Фетхулла Гүлен менен жолугушуусу маселеси тууралуу сөз козголдубу, жокпу, бул жөнүндө муфтият кабарлаган жок.

Буга чейин Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалилов бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхулла Гүлен менен АКШда кезигип, анын дарстарына катышканын маалымдаган. Интернеттеги алардын чогуу түшкөн сүрөтү катуу талкууга түшкөн. Түркия тарап экс-муфтийдин Гүлен менен жолукканына тынчсыздануу билдирген.

Түркия бийлиги былтыр 15-июлда ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүш аракетине Фетхулла Гүленди жана анын жолун жолдоочуларды айыптаган. Түркияда "гүленчи" деген шылтоо менен он миңдеген кишилер кызматтан айдалган, көбү абакта кармалууда.

Расмий Анкара Гүленди жалпы жонунан 2000 жылга абакка кесүүнү сунуштаган. Бирок АКШ Гүленге каршы дооматтарга далил жок деген негизде аны Түркияга өткөрүп берген эмес. Гүлен өзүнө коюлган доолорду негизсиз деп четке кагып, төңкөрүш аракетин бийлик атайлап уюштурган деген оюн билдирген. (NT)

XS
SM
MD
LG