Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Польшада сот системасын реформалоого каршы акциялар өтүүдө 


Польша парламенти (Сейм).
Польша парламенти (Сейм).

Өлкөнүн чоң шаарларында көчөгө чыккандар бейшембиде парламентте кабыл алынган сот тармагын реформалоо жөнүндөгү мыйзамга каршылык билдиришти.

Документте Жогорку Cоттун учурдагы судьяларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн кыскартуу, аларды дайындоо милдетин саясатчыларга берүү маселеси жазылган.

Варшавада президенттик сарайдын жанына чогулган миңдеген демонстранттар мамлекет башчы Анжей Дуданы бул мыйзам долбоорлоруна вето коюуга үндөштү.

Буга чейин поляк парламентиндеги оппозициялык депутаттар “Укук жана адилеттүүлүк” башкаруучу партиясынын көпчүлүк добушу менен өтүп кеткен мыйзамдын кабыл алынышын “Польша тарыхындары кара барак” деп аташкан. Ошол эле маалда юстиция министри жана башкы прокурор сот тармагын реформалоо зарыл экенин билдирип жатышат.

XS
SM
MD
LG