Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:51

Президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан маалымат жыйынында Жогорку Кеңеш төрагасы Чыныбай Турсунбеков тууралуу суроого жооп берди. Анын айтымында, партиянын чечими менен макул болбогондор андан чыгарылышы керек. Президент Чыныбай Турсунбеков партия үчүн бир топ иштеп бергенин белгиледи:

- Бирок адашпаган адам, мүдүрүлбөгөн туяк болбойт,- деген Атамбаев КСДПдан талапкер тандоодо праймериз өткөрүүнү сунуштаганын, ал үч жолу өткөрүлүп, жыйынтыгында учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, экинчи Сапар Исаков келгенин билдирди.

Социал-демократтар партиясы 15-июлда Бишкекте өткөн курултайда Жээнбеков президенттикке талапкер катары көрсөтүлгөн. Жыйында парламент төрагасы, аталган партиянын мүчөсү Чыныбай Турсунбеков да 15-октябрга белгиленген саясий жарышка аттанарын жарыялаган. (NT/BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG