Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:50

Трамп транссексуалдарга армияда кызмат өтөөгө тыюу салды


АКШнын президенти Доналд Трамп.

АКШнын президенти Доналд Трамп транссексуалдар Кошмо Штаттардын куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөй албастыгын билдирди. Ал бул тууралуу 26-июлда өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазды.

- Генералдарым жана аскерий эксперттерим менен кеңешкенден кийин мен Кошмо Штаттардын бийлиги транссексуалдарга АКШнын куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөөсүн кабыл албайт же уруксат бербейт деп чечтим, - деп жазат Трамп.

Июнь айынын соңунда Пентагондун башчысы Жим Мэттис мурдагы президент Барак Оманын тушунда киргизилген Куралдуу күчтөргө транссексуалдарды кабыл алуу чечимин алты айга кармап туруу чечимин жарыялаган.

Ар кандай маалыматтарга ылайык, АКШ куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн 1,3 миллион аскерлердин арасында 1300дөн 7000ге чейин транссексуал бар.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG