Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан “Азаттык” радиосуна билдиришти. Маалыматка караганда, 28-июлда Кара-Ой айылындагы “Элегант” эс алуу жайына таандык көл жээгинде тогуз жаштагы бала сабалган деген кабар түшкөн.
Окуя болгон жерге милиция барганда баланы сабады деген киши өзү да жаш балдардан токмок жегенин айтып арыз жазган.
Эки арыз тең каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 234-беренесине (ээнбаштык) ылайык иш козголгон. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Тергөө уланууда. (AsM)