Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 16:19

Булан институту Кыргызстандагы мектептердин коопсуздугун изилдеди


"Мектептердин курулушу жана коопсуздугу" изилдөөсүнүн презентациясы

Азыр Кыргызстанда 1 миллион 176 миң окуучу бар, ал эми орто мектептердин реалдуу мүмкүнчүлүгү 600 миң окуучуну батырганга гана ылайыкташкан. Мындан улам учурда мектептер эки эсе көп бала окутууга аргасыз. Бул маалымат Булан институтунун “Мектептердин курулушу жана коопсуздугу” баяндамасында айтылат.

Мектеп курулушунун динамикасы жана авариялык мектептер тууралуу баяндама бүгүн Билим жана илим министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөлөрүнө жана башка эксперттерге презентацияланды. Анда айтылгандай, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 193 мектеп авариялык абалда, иш жүзүндө кооптуу абалда турган мектеп имараттарынын саны кыйла көп.

Булан институту өз изилдөөсүндө мектептердин дээрлик баары эскирип, аларды жаңылоого мамлекеттин алы келбей жатканын белгилеп, кошумча каражат издөө маалы келгенин сунуштайт деп билдирди уюмдун жетекчиси Чолпон Орозобекова.

Баяндамада соңку беш жылда 261 жаңы мектеп курулганы белгиленген. Анткен менен 60 пайызга жакын имарат өткөн кылымдын 80-жылдарына чейин курулгандыктан азыр начар абалда. Эгемендик жылдары ашар жолу менен салынган мектептер техникалык жактан курулуш стандарттарына туура келбей, кооптуу жагдайда иштеп жатат.

Быйыл 24-апрелде билим жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева да парламентте маалымат берип жатып Кыргызстанда 193 мектеп авариялык абалда, алардын 56сы Ош, ал эми 42си Ысык-Көл облусунда экенин айткан.

Кыргызстанда мектептердин тартыштык маселеси өлкөдө бир дагы авариялык мектеп калбагыдай болуп түп-тамырынан чечилерин быйыл апрелде Ысык-Көл облусунун активи жана коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушууда президент Алмазбек Атамбаев билдирген. (ZA)

XS
SM
MD
LG