Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:12

Камактагы Текебаев тил сынагынан кайсы чечимге ылайык өткөнү айтыла элек


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

«Ата Мекен» партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевден мамлекеттик тилди билүү боюнча тест Мамлекеттик тил комиссиясы түзгөн графиктин негизинде алынды. Бул тууралуу президенттикке талапкер болууну көздөгөндөрдү мамлекеттик тил сынагынан өткөрүү боюнча эксперттик комиссиянын төрагасы Абдылдажан Акматалиев "Азаттык" радиосуна билдирди.

Мамлекеттик тил комиссиясы бул боюнча маалымат бере элек.

«Кыргызтест» түзүмүнүн жетекчиси Батма Топоева-Ставинскаянын билдиргени боюнча Текебаев сынакты компьютер аркылуу эмес, кагаз жүзүндө тапшырды жана ал жободо көрсөтүлгөн талапка ылайык ишке ашты.

Батма Топоева-Станиславская Өмүрбек Текебаевден тестти УКМКнын тергөө абагына барып алган, бирок, жабык жайга барып алууга кайсы чечим же тапшырма негиз болгонун айткан жок:

- БШК менен макулдашчу башкалар. Мен аткаруучу гана адаммын. Ошол ишимди так аткардым деп ойлойм, - деп билдирди.

БШК бул иш боюнча кабарсыз экенин мурдараак билдирген.

Кыргызстандын Мамлекеттик тил комиссиясы атайын кызматтын тергөө абагында отурган Өмүрбек Текебаевди "кыргызтесттен" 17-августта өткөргөнү, анда депутат 93,75 упай топтоп, сынактан өткөнү кабарланган. Буга чейин Боршайком Текебаевге мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүү үчүн тест тапшырууга шарт түзүп берүүдөн баш тарткан эле.

​Оппозициячыл саясатчы Текебаев президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн Боршайкомго биринчилерден болуп арызын жазган. Талапкер деген макам кыргыз тилинен тест тапшырып, 30 миңден кем эмес кол топтоп, аны тастыктап, 1 миллион сом күрөө койгондорго берилет. Кечээ Борбордук шайлоо комиссиясы көпчүлүк добуш менен Өмүрбек Текебаев тапшырган 30 миңден ашуун адамдын колу коюлган тизмени жараксыз деп тапкан.

Коррупция, алдамчылык доосу коюлган Өмүрбек Текебаев февраль айынан бери УКМКда камакта. 16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту депутатты жана аны менен кошо айыпталып жаткан мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жылдан эркинен ажыраткан. Партиялаштары, тарапкерлери сот өкүмүн адилетсиз деп баалап, аларды толук актоону талап кылышууда. (BkA/NT)

XS
SM
MD
LG