Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:12

Барселонадагы кол салууларга шектүү төрт киши кармалды


Барселонадагы аза күтүү. 18-август, 2017-жыл.
Барселонадагы аза күтүү. 18-август, 2017-жыл.

Испан полициясы билдиргендей, кармалгандардын үчөө мароколук, бирөөсү жергиликтүү тургун.

Полиция ошондой эле кечээ Барселонанын борбордук бөлүгүндө унаа менен адамдарды сүзгөн айдоочу Камбрильс шаарчасындагы башка кол салуудан кийин атып өлтүрүлгөн беш кишинин арасында болушу мүмкүндүгүн, бирок мунун конкреттүү далили азырынча жоктугун айтууда.

Исламчыл согушкер деп шектелген айдоочу минивэн тибиндеги унаа менен Барселона шаарында элди сүзгөндө 13 адамдын, ал эми Кабрильс шаарчасындагы кол салууда алган жараатынан бир аялдын өмүрү кыйылды.

Испан полициясынын эсебинде, Камбрильсте жок кылынгандар жанкечтинин курун тагынып жүрүшкөн жана алардын Барселонадагы чабуулга тиешеси бар.

Бүгүн түшкө жуук испан падышасы Филип VI, премьер-министр Мариано Рахойдун катышуусунда кечээги кол салуунун курмандыктары үчүн бир мүнөт аза күтүп, Барселонанын борборуна чогулган миңдеген адам кол чабуу менен бирге “мен коркпойм” деген сөздөрдү жапырт айтып жатышты.

Шаардын туристтерге жык толгон Рамбла көчөсүндөгү кол салуу үчүн “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчилик алды.

Бийликтердин айтымында, эки кол салуудан өмүрү кыйылган 14 жана жаракат алгандар 100дөн ашуун адам 24 өлкөнүн жарандары. (UE)

XS
SM
MD
LG