Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:04

Бүгүн "Ысык-Көл 2017" экономикалык форуму өтөт


"Ысык-Көл 2017" деп аталган төртүнчү экономикалык форум 22-августта Чолпон-Ата шаарында өтөт. Ага Кыргызстандан вице-премьер-министр Олег Панкратов, президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков, экономика министри Арзыбек Кожошев баштаган 400дүн тегерегинде өкүл катышары айтылды. Экономика министринин орун басары Эркин Сазбаковдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, форумда экономикадагы өзгөрүүлөр менен бирге ири бизнес долбоорлор талкууланат.

Орусиянын биринчи вице-премьер-министри Игорь Шувалов, Армениянын, Беларустун, Казакстандын расмий өкүлдөрү, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын (ЕЭК) төрагасы Тигран Саркисян келет. Анда Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы кызматташтык талкууланат. Форумга Кытай, Орусия, Сингапур жана Казакстандын ири компаниялары катышары күтүлүп жатат.

Кыргызстандын ЕАЭБге кошулганына быйыл туура эки жыл болду. (КЕ)

XS
SM
MD
LG