Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:40

Ата-энеси Орусияга кеткен өспүрүм бала жол кырсыгынан каза тапты


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баткенде өспүрүм бала жол кырсыгынан каза тапты. Облустук милициядан кабарлашкандай, окуя 20-август күнү кечинде болгон.

Баткен шаарынын Турмаматов жана Сайдиман Ажы көчөлөрүнүн кесилишинде 59 жаштагы айдоочу “КамАЗ” автоунаасын айдап бара жатып велосипед менен жолду өтүп келаткан 10 жаштагы баланы койдуруп кеткен.

Бала ошол жерден каза болгон. Анын ата-энеси Орусияда иштейт. Факт боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп, соттук-медициналык жана соттук автотехникалык экспертизалар дайындалды.

Жыл башынан бүгүнкү күнгө чейин облус аймагында 136 жол кырсыгы катталып, 29 адам каза болду. 237 адам жараат алган. (JsA)

XS
SM
MD
LG