Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Данияда дайынсыз кеткен журналисттин башы жок денеси табылды


Швециялык журналист Ким Уолл
Швециялык журналист Ким Уолл

Данияда деңиз жээгинде башы жок табылган адамдын денеси бир канча күндөн бери дайыны чыкпай жаткан швециялык журналист Ким Уолл экени аныкталды. Бул тууралуу Даниянын полициясы 23-августта Твиттер аркылуу кабарлап, ДНКлар дал келгенин белгиледи.

Журналисттин денеси башы жана колу-буту кесилген абалда Копенгагенден түштүк тарапты көздөй 50 чакырым алыстыктагы сууда табылган.

30 жаштагы Уолл 10-августта даниялык ойлоп табуучу Питер Мадсендин кемесине түшкөн бойдон дайыны чыккан калган. Журналист ал ойлоп табуучу тууралуу макала жазууну максат кылган.

Бир күндөн кийин журналистти издөө иштери башталып, андан көп өтпөй Мадсен кемеси чөгүп бараткан кезде куткарылган.

Алгач кеменин ээси журналистти жакынкы аралга таштаганын билдиргени менен кийинчерээк Ким Уолл кемедеги кырсыкта каза тапканын, анын денесин сууга ыргытып жибергенин айткан.

Даниянын полициясы 46 жаштагы Мадсен 40 тонналык "Наутилус" кемесин атайылап чөктүргөн деп ишенет. Ага киши өлтүрдү деген айып тагылды.

XS
SM
MD
LG