Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

БШК: "Талапкер" деген расмий күбөлүктү төрт киши алды


Борбордук шайлоо комиссиясы президент болуу ниетин билдирген дагы 20 кишинин арызын карап жатат. Аларды талапкер катары расмий каттоо же четке кагуу маселеси 9-сентябрга чейин аныкталат. БШК төрайымынын орунбасары Абдыжапар Бекматов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, азырынча төрт эле киши расмий катталды:

- Алар: Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков жана Бакыт Төрөбаев. Мыйзамда көрсөтүлгөн 30 миңден кем эмес колтамганы 24 киши тапшырды. Алардын арасынан жогорудагы төрт киши расмий катталды.

Президенттик шайлоодо ат салышуу ниетин алгач 59 киши билдирген. Айрымдары колтамганын жетишсиздигинен, тил сынагынан жана башка талаптардан өтпөй калган. Кээ бирлери өздөрү арыздарын кайра алышкан. Арасында "шайлоо таза өтпөйт" деген негизде жарышка катышуудан баш тарткандары болгон.

БШК "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевди каттоодон баш тарткан. Буга анын сот иши жана колдоочуларынын кол тамгасы түшүрүлгөн кагаздарга атайын фонддон акча коротулбаганы негиз болгон. Дагы бир камактагы саясатчы Садыр Жапаров сот ишинен улам каттоого алынбады.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG