АКШ прокуратурасы Вашингтондогу чоң жюри түркиялык 15 коопсуздук кызматкерин жана дагы төрт кишини баш калаадагы мушташка катышкандыгы үчүн айыптуу деп тапканын билдирди.
Окуя 16-майда президент Режеп Тайып Эрдогандын визити маалында болгон. Полиция түрк элчисинин резиденциясынын жанында чогулган тынч демонстранттарга түркиялык коопсуздук кызматкерлери чабуул жасаганда 12 киши жараланганын маалымдаган. АКШ Башкы прокуратурасынын Колумбия округундагы бөлүмү 16 кишиге июнда айып тагылганын, эми аларга дагы 3 киши кошулганын билдирди.
Прокуратуранын айтымында, алар 15 жылга чейин кесилиши мүмкүн.
7-сентябрда дагы эки кишинин соту болмокчу.
Түркиянын Вашингтондогу элчилиги болсо мушташка Күрттөрдүн жумушчу партиясынын таламын талашкан демонстранттарды күнөөлөп жатат. Партия Түркия жана АКШда террордук уюмдардын тизмесине киргизилген.