Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:16

Кытай БРИКСти протекционизмге каршы күрөшүүгө чакырды


БРИКСтин Кытайдагы саммити
БРИКСтин Кытайдагы саммити

Кытайдын лидери Си Цзиньпин БРИКС уюмуна кирген өлкөлөрдү дүйнөдөгү соода протекционизмине (ички өндүрүштү коргоого багытталган саясат) каршы биригүүгө чакырды. Ал уюмдун Кытайдын Сямынь шаарындагы саммитинде Бразилия, Орусия, Индия жана Түштүк Африканы дүйнөлүк маселелерди жөнгө салууда активдүү роль ойноого жана жалпы кызыкчылыктарды бирге коргоого үндөдү.

БРИКСтин 4-5-сентябрга белгиленген жылдык саммитине Түндүк Корея өзөктүк сыноо өткөргөндөн кийинки Корей жарым аралындагы чыңалуу көлөкөсүн түшүрдү.

Бул уюм Батыш үстөмдүк кылган глобалдык экономикалык системада мүчө мамлекеттердин кызыкчылыгын алга сүрөө максатында түзүлгөн. Бирок айрым эксперттер уюмдун мүчөлөрүнүн экономикалык жана башкаруу системалары айырмалангандыктан анын натыйжалуулугунан күмөн санап келишет.

XS
SM
MD
LG