Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Өкмөт элдин интернет аркылуу айткан сын сөзүнө да көңүл бурмай болду


Кыргыз өкмөтүнүн аппаратынын курамында коомчулук менен байланыш бөлүмү ачылат. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Сапар Исаков өкмөт мүчөлөрү менен курган жыйында билдирди.

Эл менен тыгыз байланышта болуу, көйгөлөрдү ыкчам чечүү максатында бул бөлүм эки апта ичинде түзүлмөй болуп жатат. Анын курамына ар бир министрликтен бирден өкүл кирет.

Алар коомчулук арасында, интернеттеги социалдык аянтчаларда айтылып жаткан проблема, сындарды чогултуп, анализдеп турушу керек.

Мурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков КСДПдан президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер болуп чыкканына байланыштуу анын ордуна мурда президенттик аппаратты башкарып турган Сапар Исаков келди. Исаковдун өкмөтү бүгүн Жогорку Кеңеште ант берди. (RK)

XS
SM
MD
LG