Түркиянын Анкара шаарында эс-тутумун жоготуп, көчө аралап калган кыргызстандык келин бүгүн Бишкекке келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Мекеменин маалыматына караганда, Түркиядагы элчиликтин жардамы менен ал Анкарадагы мамлекеттик клиникалардын биринен медициналык жана психологиялык жардам алып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп турду.
Элчилик Түркиядагы кыргыз диаспорасынын жардамы менен анын мекенине кайтуусун уюштуруп берди. Бүгүн ал Стамбулдан Бишкекке учуп келет. Туугандары аэропорттон тосуп алмай болушту.
Буга чейин Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева "Азаттык" радиосуна ал келин Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жийде айылынын тургуну экени аныкталганын айтып берген.
Көчө аралап жүргөн аял кыргызстандык экени тууралуу божомол айтылып, сүрөт жана видеолору 28-августта интернетке чыккан. Ал аты-жөнүн да айталбай жатканы маалымдалган.
Түркияда окуп-иштеп жүргөн 14 миңдей кыргызстандык бар. (RK)