Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:40

Мьянма окуясы Бишкектеги "Будда бардын" аталышын өзгөртүүгө таасир этти


"Будда бар" аталышын өзгөрттү (сүрөт интернеттен алынды)
"Будда бар" аталышын өзгөрттү (сүрөт интернеттен алынды)

Бишкектеги “Будда бардын” аталышын өзгөртүүгө Мьянмадагы соңку окуялар кыйыр түрдө таасирин тийгизди. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна аталган жайдын администрациясынан кабарлашты.

“Негизи ребрендинг кылып, атыбызды өзгөртөлү деген чечим былтыр эле кабыл алынган. Эми биз “Дока бар” деп аталабыз. Соңку окуялар да кыйыр түрдө таасирин тийгизди” деп билдиришти бардын өкүлдөрү.

Ахунбаев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги тамактанып, эс алуу жайы мурда “Дока пицца” деп аталчу. 2009-жылы өрт кырсыгы болуп, анын жалаң жыгачтан жасалган имараты толук күйүп кеткен, эч ким жабыркаган эмес.

Мьянма коопсуздук күчтөрүнүн жана рохинжа мусулмандарынын кагылышуусунан кеминде 400 киши өлдү. 90 миңден ашуун рохинжа коңшулаш Бангладешке качууга мажбур болушту. Рохинжалар бир нече жылдардан бери Мьянманын жарандыгын ала албай келишет. Өлкөдө мусулман азчылыктар менен буддисттердин ортосунда кагылышуулар бат-бат болуп турат.

6-сентябрда БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Мьянмадагы зомбулукту токтотууга чакырган. Ага чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Мьянмадагы кырдаалга кабатырлануусун билдирип, бардык тараптарды маселени тынчтык жол менен жөнгө салууга чакырган. (RK)

XS
SM
MD
LG