Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:06

Коопсуздук кеңеши шайлоого даярдыкты жабык талкуулоодо


Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин бүгүнкү жыйынында президенттик шайлоого даярдык, андагы коопсуздук маселеси жабык талкууланып жатат. Мындан сырткары добуш берүү күнү электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү, финансы маселелери, байланыш, өрт коопсуздугу каралууда.

Бул үчүн жергиликтүү бийлик менен көчмө консультациялык кеңештер өтүп жатканын вице-премьер-министр Дүшөнбек Зилалиев маалымдады.

Ал ушул күнгө карата 2 млн 935 миң жаран шайлоо тизмесине киргенин, добуш берүүгө он күн калганда тизме дагы такталаарын билдирди.

Жыйынга Коопсуздук кеңешинин төрагасы, президент Алмазбек Атамбаев катышып жатат.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 10-сентябрда расмий башталды. Ушу кезге чейин Борбордук шайлоо комиссиясы 13 кишини каттап, талапкер макамын берген. Алар: Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков, Бакыт Төрөбаев, Эрнис Зарлыков, Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Токтайым Үмөталиева, Улукбек Кочкоров, Арсланбек Малиев, Таалатбек Масадыков, Камчыбек Ташиев жана Арстанбек Абдылдаев. (КЕ/SDz)

XS
SM
MD
LG