Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:35

Журналист Зулпукар Сапанов жогорку инстанцияга даттанат


Зулпукар Сапанов.
Зулпукар Сапанов.

Диний кастыкты козутту деп күнөөлөнгөн журналист Зулпукар Сапановдун жубайы Гүлбарчын Ибраеванын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечиминин үстүнөн жакын арада шаардык сотко доо арыз жолдонот.

“Кыдыр санжырасы” деп аталган китептин автору Зулпукар Сапановду 12-сентябрда Биринчи май райондук соту “мусулманчылыкка шек келтирген, коркунуч жараткан" деген дегизде күнөөлүү деп таап, төрт жылга эркинен ажыратылган. Ал сот залынан камакка алынган.

Журналисттин китеби былтыр сентябрда чыккандан кийин дин чөйрөсүнүн өкүлдөрү “анда исламга шек туудурган тексттер бар деген” деген жүйө менен УКМКга кайрылышкан. Тергөөнү атайын кызмат жүргүздү.

Камалган журналист жана анын жакындары китепте динге шек келтирген деп айтылгандарды четке кагышууда. Китеп "санжыранын жана иликтөөлөрдүн негизинде жазылганын, анда араптардын динине ишенбөө, улуттар, диндер Кыдыр аркылуу биригиши керектиги" камтылганын билдирип жатышат. (NT)

XS
SM
MD
LG