Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

Жалал-Абад: шаардык кеңеште "Республиканын" ордун "Ата Журт" ээлеши мүмкүн


Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги КСДП, "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" жана "Республика" фракцияларынан куралган көпчүлүк коалиция 13-сентябрда сессиясын экинчи ирет өткөрө алышкан жок. Жыйынга "республикачылар" келбей коюшту. Мурунку жыйынга да алар катышкан эмес. Анын чоо-жайын түшүндүрүшкөн жок. Өздөрүнөн комментарий алууга мүмкүн болбоду.

Сессияда шаардын 2017-жылкы бюджетин бекитүү маселеси каралмак.

Коалиция лидери Сайдилла Чымбердиев коалицияга "Республиканын" ордуна "Ата Журт" фракциясын кошуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Жалал-Абад шаардык кеңешинде алты фракция бар. "Өнүгүү-Прогресс" менен "Ата Журт" оппозицияда. 31 депутаттын үчөө "Республика" фракциясынан. (RsK)

XS
SM
MD
LG