Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:21

Мамдепартамент Чийгоздун камалышы боюнча тынчсыздануусун билдирди


Крым татарларынын межлисинин төрага орун басары Ахтем Чийгоз.
Крым татарларынын межлисинин төрага орун басары Ахтем Чийгоз.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти Крым татарларынын Межлисинин төрага орун басары Ахтем Чийгоздун эркинен ажыратылышы боюнча терең тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө жазылган.

Мамдепартамент Чийгозго каршы кылмыш иши "негизсиз айыптоолордон" улам козголгонун белгилейт.

Ахтем Чийгоз 2015-жылдын январында камалган. Анын адвокаттары сот процесси маалында бир катар мыйзам бузуулар болгонун айтып келишет. 11-сентябрда 52 жаштагы саясатчы "жапырт башаламандык" уюштурган деп табылып, сегиз жылга эркинен ажыратылды. Чийгоз 2014-жылдын февраль айында Симфереполдо болгон орусиячыл активисттер менен киевчил активисттердин ортосундагы кагылышууларга межилистин жана өзүнүн тиешеси болбогонун айтып келет. Чийгоздун бошотулушун Евробиримдик жана эл аралык укук коргоо уюмдары да талап кылып келишет.

XS
SM
MD
LG