Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Коркутуудан улам Норвегияга качып бараткан чечен аял кармалды


Луиза атасы менен.
Луиза атасы менен.

Норвегияга качып кетүүнү көздөгөн чеченстандык Луиза Дудуркаева кармалып, Аргун аймактык полициясына суракка алып келинди. Ал Беларуста колго түшкөнүн "Азаттыктын" "Кавказ.Реалии" кызматы тийиштүү уюмдарга таянып кабарлады.

Аргун айылынын тургуну Луиза Дудуркаева Чеченстандан быйыл июндун соңунда качып кеткен эле. Аны "Вконтакте" социалдык тармагына жайгаштырган сүрөтү үчүн коомчулук айыптап, муну "шариятка дал келбеген жорук" деп сындашкан. Ар кандай коркутуулардан улам Луиза мекенине качууга аргасыз болгонун айткан. Укук коргоочулардын жардамы менен 31-августта Норвегиядан качкындарга берилчү документ жана Шенген визасын алган.

Маалыматтарга ылайык, Дудуркаева сентябрдын башында Минск аэропортунда кармалып, атасы Чеченстанга алып кеткен.

XS
SM
MD
LG