Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Liglass: Байсаловду сотко беребиз


Михаэл Смелик
Михаэл Смелик

Чехиялык “Лигласс Трейдинг” компаниясынын ээси Михаэл Смелик бүгүн Бишкектеги маалымат жыйынында ишкананы жана анын жетекчилерин "жаманатты кылган" кыргызстандык айрым активист жана саясатчыларды сотко берерин билдирди. Анын айтымында, алар "моралдык зыян тартканы үчүн" сотко кайрылышат.

Маалымат жыйында Михаэл Смелик Эдил Байсалов, Феликс Кулов жана Темир Сариевдин атын атап, алардын "Лигласс Трейдинг" компаниясы боюнча айткандарын четке какты.

"Байсаловду сотко берерибиз анык, Кулов, Сариев боюнча юристтер менен кеңешебиз" деди ал.

Айрыкча коомдук ишмер, жарандык активист Эдил Байсаловдун жарыялагандарына макул эместигин маалымдады:

- Байсалов айткандай биздин компания банкрот болгон эмес. Эдил Байсалов бизди америкалык өнөктөштөргө чыгып жамандап жатат. Биз мыйзам бузган эмеспиз жана Чехияда эч кандай кылмыш ишибиз жок. Мындай жалган маалыматтардан улам мен жана менин компаниям эмес, үй-бүлөм да жабыркап жатат. Лондондогу банк бизди каржылоодон баш тартты. Алар тобокелдикке барбай турган болушту. Европадагы Unicredit банкындагы 40тай эсебибиз текшерилип, эч кандай операция кыла албай жатабыз.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов буга чейин ГЭС долбооруна байланышкан маселелерди өз алдынча иликтеп чыккан. "Лигласс Трейдинг" акча төлөп бербей турганы башында эле баарына белгилүү болгонун бүгүн чехиялык ишкана өкүлдөрү маалымат жыйын курардан мурун "Фейсбуктагы" баракчасына жазган. Ал долбоорду үзгүлтүккө учураткан аткаминерлерди жоопко тартуу керектигин айтып келет.

Байсалов бүгүн бул боюнча пресс-конференция бермей болууда.

Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу боюнча тендерди аталган компания быйыл июлда утуп алган. Тиешелүү келишимге чехиялыктар менен кыргыз өкмөтү 11-июлда президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда кол коюшкан.

19-сентябрга чейин алар 37 млн доллар төлөмөк. (NT/BkA)

XS
SM
MD
LG