Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Ала-Букадагы "Баймак" чек ара бекети толук ачыла элек


Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекетинин ачылышы. 6-сентябрь, 2017-жыл.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекетинин ачылышы. 6-сентябрь, 2017-жыл.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда кыргыз-өзбек чегинде жайгашкан “Баймак” чек ара бекети толук иштей элек. Бул тууралуу район акиминин биринчи орун басары Бектур Сагынбаев “Азаттык” радиосуна билдирди.

Өкмөт башчы Сапар Исаковдун буйругуна ылайык, 16-сентябрда Кыргызстан аталган чек ара бекетин бир тараптуу ачкан. Бирок өзбек тараптын өткөрүү бекети азырынча даяр эмес болгондуктан алар убактылуу токтотуп турууну суранган.

- Өзбекстан 19-сентябрга чейин чек ара өткөрүү бекетине техникаларын жайгаштырып, ошол күндөн баштап толук иштөөнү сунуштаган, – деди Сагынбаев.

“Баймак” чек ара өткөрүү бекети 2010-жылдан бери жабык турган. Өкмөттүн жаңы токтомунун негизинде аталган бекет аркылуу бажы, ветеринардык, фитосанитардык жана маңзат көзөмөлүсүз жарандардын, автоунаалардын кирип-чыгуусуна, товар алып өтүүгө уруксат берилет. Бекетте чек ара көзөмөлү гана иштейт.

ЕАЭБ талаптары боюнча, ага мүчө мамлекеттер үчүнчү өлкөлөр менен чек ара көзөмөлүн күчөтүүгө милдеттүү. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда 14 чек ара бекети бар. Алардын ичинен 11и автоунаа жана жөө адамдар үчүн, төртөө темир жол бекеттери. 2017-жылдын 6-сентябрына чейин болгону үч гана чек ара бекети жөө адамдар үчүн, бирөө автоунаалар үчүн ачык болчу.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Бишкекке жасаган мамлекеттик сапарынан соң Оштогу "Достук" чек ара бекети ачылып, андан жеңилдетилген шартта өтүүгө мүмкүнчүлүк берилген. (RsK)

XS
SM
MD
LG