Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

БШК шайлоо технологиялары боюнча эл аралык аудит жүргүзүүгө даяр


Бул тууралуу бүгүн “Акыйкат шайлоо үчүн” жарандык кыймылы Боршайком мүчөлөрү менен жолугушууда БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Ал азыркы шайлоо технологияларынын эл аралык компаниялар тарабынан сертификаты барын айтып, техниканын иштөөсүнөн күмөн саноо негизсиз экенин кошумчалады.

Шайлдабекова бардык программалык коддорду Кыргызстан өз колуна алганын айтып, чет өлкөлүк жарандар системаны тейлеп жатат деген сөздөрдү төгүндөдү.

- Азыркы шайлоо технологиясындагы программалар Кореянын эл аралык кызматташтык агентствосу тарабынан БШК менен биргеликте иштелип чыккан. Келишим аяктаганга чейин дагы бир жылдык мөөнөтүбүз бар. Ошентсе да бардык программалык коддор кыргыз тарабына берилген. Азыркы учурда адистерибиз муну тейлеп, программаны жакшыртууга катышып жатат.

“Акыйкат шайлоо үчүн” кыймылы өткөн аптада түзүлүп, ага экс-президент Роза Отунбаева, легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Абдыганы Эркебаев, Зайнидин Курманов, мурдагы премьер-министрлер Апас Жумагулов, Феликс Кулов, экс-депутат Равшан Жээнбеков баштаган саясатчылар, коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер мүчө болушкан.

XS
SM
MD
LG