Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:21

Казакстанда аба каттамдары үзгүлтүккө учурашы ыктымал


Алматы аэропорту
Алматы аэропорту

Орусиядан авиакеросин ташуунун токтоп калуу ыктымалдуулугу жана Шымкент мунай заводундагы пландык иштерге байланыштуу Казакстанда туруктуу аба байланышы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Бул тууралуу "Эйр Астана" авиакомпаниясы билдирди.

Маалыматка караганда, Казакстан авиакеросинди негизинен орусиялык "Газпромнефть", "Роснефть", "Лукойл" жана "Татнефть" компанияларынан сатып алат. Булардан казак тарап 2016-жылы айына орточо 44 миң тонна алып турчу. Ал эми 2017-жылы айына 15 миң тоннага чейин азайган.

Жогорудагы ишканалар орус базарларындагы суроо-талаптын жогору болушуна байланыштуу алдыдагы айларда керосин сатарын али ырасташа элек. Атургай "Газпромнефть" 2018-жылдын май айынан эрте экспорт калыбына келтирилбей турганын эскерткенин "Эйр Астана" маалымдоодо.

Казакстанда жарандык авиациянын 70% Орусия күйүүчү майынан көз каранды.

XS
SM
MD
LG