Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Шайлоо-2017: Сариевди сүрөөдөн баш тарткандар өзүнчө биригүүдө


Аликбек Жекшенкулов
Аликбек Жекшенкулов

Темир Сариевдин президенттикке талапкерлигин мындан ары колдоодон баш тарткан саясатчылар тобу кийинки кадамдары боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Акыйкат” партиясынын лидери, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов билдирди. Ал аталган топ эми Өмүрбек Бабановду сүрөйт деген сөздөр канчалык жүйөлүүлүгү тууралуу суроого:

- Жок, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биз 5-6 партия –“Улуттар биримдиги”, “Акыйкат”, “Кыргызстан конгресси”, “Кыргызстан биримдиги”, “Таза Кыргызстан” жана дагы бир нече партия чогуу кадамга барганбыз. Чогуу Темир Сариевди колдоп чыкканбыз. Бирок, тилекке каршы, саясий келишпестик болуп, биз баарыбыз чогуу башка кадам тууралуу сүйлөшүп жатабыз. Азыр ар кандай саясий күчтөр менен сүйшөлүү жүрүп жатат. Жакынкы арады өз позициябызды билдирип чыгабыз, - деп жооп берди.

Жекшенкуловдун белгилешинче, алар Сариевдин эл алдында Атамбаевдин жолун улоо керек деп айтканына каршы чыгышкан, себеби Кыргызстан жаңыланууга муктаж деген позицияны карманышат.

Мунун алдында Темир Сариевдин штабын башкарган, Эсеп палатасынын мурдагы төрайымы Элмира Ибраимова бул кызматтан кеткенин жарыялап, Сариев менен саясий позициясы дал келбей калганын айткан. Аны менен кошо Аликбек Жекшенкулов, Бейшен Болотбеков, Болот Алымкулов, Шамшыбек Медетбеков, Рысбек Мирзаматов өңдүү саясатчылар да кеткенин кошумчалаган.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. 13 талапкер ат салышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG