Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Украина аскер кампаларындагы жарылууну диверсия катары иликтөөдө


Жарылуудан кийинки өрттүн көрүнүшү. 27-сентябрь, 2017-жыл.
Жарылуудан кийинки өрттүн көрүнүшү. 27-сентябрь, 2017-жыл.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча кызмат билдирди. 26-сентябрдын кечинен тарта жарыла баштаган аскерий кампалар Винница облусундагы Калиновка районунда жайгашкан.

Бийликтер Калиновкада электр кубатын үзүп, газ түтүктөрүн жапты. Ошондой эле расмий маалыматка караганда, аймактан отуз миңден ашуун адам эвакуацияланды.

Күбөлөрдүн айтымында, катуу жарылуулардын үнү ал жерден 260 чакырым алыстыктагы Киевден да угулган.

Украин премьер-министри Володимир Гройсмандын билдиргенине караганда, бул инциденттин артында “сырткы факторлор” турат.

- Биз өрттөлүп жаткан аймактын үстүнөн учтук. Анын аянты абдан эле чоң. Бирок, баса белгилеп кетейин - азыр тиешелүү кызматтардын баары кырдаалды жөнгөрүү үстүндө иштөөдө, - деди бүгүн Гройсман кабарчыларга.

Украин ички иштер министринин кеңешчиси Зорян Шкиряктын “Фейсбук” баракчасында жазганына караганда, ал бул окуя “Орусиянын душманчыл диверсиясы ” экенине толук ишенет.

Шкиряк ушуну менен Калиновкада аскерий кампалар жетинчи ирет өрттөнүп жатканын да кошумчалады.

Жарылууларга байланыштуу 50 чакырым радиустагы аба мейкиндик жабылды. (UE)

XS
SM
MD
LG