Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Түркия мунай экспорту боюнча Багдад менен гана кызматташат


Ирактын премьер-министри Хайдер аль-Абади.
Ирактын премьер-министри Хайдер аль-Абади.

Түркия чийки мунайды экспорттоо боюнча бир гана Ирак өкмөтү менен кызматташарын билдирди. Бул тууралуу Ирактын премьер-министри Хайдер ал-Абадинин кеңсеси 28-сентябрда маалымдады.

Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым Абади менен болгон телефондук сүйлөшүүсүндө Күрт автоном аймагында 25-сентябрда өткөн көз карандысыздык боюнча талаштуу референдумдан кийин Ирак өкмөтү кабыл алган бардык чечимдерди колдой турганын айткан.

27-сентябрда Ирак парламенти Абади Күрт автономиясынын карамагындагы Киркук аймагына аскерлерди жиберип, ал жактагы мунай корлорун өкмөттүн көзөмөлүнө алууну сураган.

Мунайга бай Киркук аймагы 2014-жылы Ирак армиясы "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун согушкерлеринен качкандан бери күрттөрдүн "Пешмерга" кошуундарынын карамагында. Киркукка күрт күчтөрүнүн кириши экстремисттердин мунай кендерди ээлеп алышына жол берген эмес.

Шаршембиде Ирактын күрт автоном аймагынын бийликтери референдумдун жыйынтыгын жарыялашты. Расмий маалыматка караганда, добуш берүүгө ага укуктуу калктын 72% ашууну катышып, 92,7% автоном аймактын көз карандысыздыгын колдошту.

Өкмөт башчы Абади көз карандысыздык боюнча референдумдун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылды.

XS
SM
MD
LG