Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Акун Бабанов боюнча БШКга арызданды


Турсунбек Акун
Турсунбек Акун

Коомдук ишмер, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Оштун Он-Адыр (Амир-Темур) районунда сүйлөгөн сөзүнө укуктук баа берүүнү суранып Боршайкомго кайрылды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Кечээ Бабанов Ошто Амир-Темур кичи районунун тургундары менен жолуккан.

Бүгүн интернетте анын ошол жолугушууда айткандары кыргыз-өзбек улут аралык чыңалууну пайда кылышы ыктымал деген түрдүү видеолор, комментарийлер тарап жатат.

Өмүрбек Бабановдун шайлоо штабы анын Ошто сүйлөгөндөрүн кимдир бирөөлөп монтаждап, ал тууралуу жалган маалымат таратып жатат деп эсептейт. Бүгүн штаб билдирүү таратып, “соңку кезде жалпыга маалымдоо каражаттарында Бабановго карата кара пиар күчөгөнүн”, “аны Кыргызстандын өзбек улутундагы жарандарын кагылышка чакырды деп айыптаган жалган видео тараганын" айтып чыкты.Билдирүүдө ошондой эле Бабановдун өкүлдөрү буга байланыштуу тартип коргоо органдарына арыз жолдогону жатканы, “видеону монтаждап, жайылткан адамдар улут аралык кастыкты козутканы үчүн жоопко тартылышы керектиги” айтылат. (RK)

XS
SM
MD
LG