Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:51

Ат-Башы райондук жол оңдоо кызматкерлерине кылмыш иши козголду


Иллюстрация.

Нарын облусунун Ат-Башы райондук прокуратурасы жергиликтүү жол-эксплуатация мекемесинин кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратура тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка караганда, райондук №20 жол-эксплуатация мекемесинин кызмат адамдары Кылмыш кодексинин 304 (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) жана 315 (кызматтык жасалмалуулук) беренелери менен айыпталууда. Прокуратура аталган мекеменин кызмат адамдары 2015-2017-жылдарда кызматкерлерге мыйзамсыз кошумча акы которгонун, андан мамлекетке 86 миң 910 сомдук зыян келтирилгенин маалымдады.

Кылмыш иштин материалдары УКМКнын Нарын облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилген. (NT)

XS
SM
MD
LG