Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:10

Каталония: шайлоочулардын 90% көз карандысыздыкты колдошту


Каталониянын президенти Карлес Пучдемон
Каталониянын президенти Карлес Пучдемон

Испаниянын Каталония автоном аймагында 1-октябрда өткөн талаштуу референдумда добуш бергендердин 90 пайызы көз карандысыздыкты колдошту. Кагылыш менен коштолгон добуш берүүнүн жыйынтыгы жарыяланаар алдында Каталониянын президенти Карлес Пучдемон автоном аймактын тургундары көз карандысыз мамлекет түзүү укугуна ээ болгонун айтты:

"Алдыңкы бир канча күндө менин өкмөтүм бүгүнкү добуш берүүнүн жыйынтыгын биздин суверендүүлүктүн чордону болгон каталон парламентине жөнөтөт. Бул парламент референдум мыйзамынын алкагында кадам ташташы үчүн керек",-деди Пучдемон.

Жекшембиде тизмедеги 5,3 миллион шайлоочунун 2,2 миллиону добуш бергени кабарланды. Бул референдумга Испаниянын Конституциялык соту дагы тыюу салган болчу.

1-октябрда шайлоочулар менен полициянын кагылышуулары орун алып, андан 844 жайкын тургун, 33 полиция кызматкери жаракат алды.

XS
SM
MD
LG