Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

УКМК: Канатбек Исаевдин күнөөсү тергөөдө аныкталууда


Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

Улуттук коопсуздук комитети 3-октябрда тараткан маалыматта депутат Канатбек Исаевдин "бийликти күч менен басып алуу даярдыгын көргөн" деген шек менен кармалышын айрым саясатчылар, анын ичинде президенттикке талапкерлер өздөрүнүн саясий кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн колдонууда деп айтылат.

Атайын кызматтын билдиришинче, тергөөдө алынган далилдер Исаевдин мамлекеттик бийликти күч менен басып алуу, массалык башаламандык уюштуруу аракетин көргөнүн аныктап жатат.

Депутат менен кошо айыпталып жаткан айрым адамдар сурак жана тергөөдөгү беттештирүү учурунда депутаттын күнөөсүн далилдеген негиздүү көрсөтмө беришкен.

"Кыргызстан" фракциясынан депутат Канатбек Исаевди "15-октябрга белгиленген президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өзү колдогон талапкер Өмүрбек Бабанов утпай калса, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга жана төңкөрүш уюштурууга аракеттенмек" деген шек менен УКМК 30-сентябрда кармаган.

2-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын аныктап, депутатты тергөө аяктаганча камакта кармоо чечимин чыгарды.

УКМК аны менен кошо уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да кармалганын кабарлаган. Депутаттын жакындары анын камалышын "саясий куугунтук" деп сыпаттап, Исаев кылмыштуу топтор менен байланышкан деген айыпты четке кагып жатышат. Адвокаты Азизбек Турдалиев Канатбек Исаев өзүнүн күнөөсүз экенин айтканын жарыялады. (NT)

XS
SM
MD
LG