Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети өткөн аптада кармалган Канатбек Исаевдин тергөө иши адвокаттардын катышуусуз жүргүзүлүп жатат деген маалыматтар чындыкка дал келбесин билдирүүдө. Коопсуздук кызматынын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов бул тууралуу "Азаттыкка" билдирип, адвокат Чынара Жакупбекованын сөздөрүн төгүндөдү:
- 4-октябрда Канатбек Исаев катышкан эч кандай тергөө иш-аракеттери болгон жок. Муну Исаев өзү да тастыктап бере алат. Белгилей кетүүчү нерсе, адвокат Жакупбекова Канатбек Исаевге жолугуу үчүн биринчи кезекте УКМКнын тергөө абагына ордер-тапшырма берүүгө тийиш болчу. Бирок, аны бербегенине байланыштуу ал кечээ Канатбек Исаевге жолуга алган жок.
Адвокат Чынара Жакупбекова 4-октябрда УКМКнын тергөө абагындагы Канатбек Исаевге жолугушууга киргизбей коюшканын, Исаевди адвокаттардын катышуусуз тергеп жатышат деген маалыматты "Азаттык" радиосуна билдирген.
Канатбек Исаевдин укугун буга чейин эки адвокат - Азизбек Турдалиев менен Бакыт Осмоналиев коргоп жаткан. 4-октябрдан тартып аларга Чынара Жакупбекова да кошулду.
Коопсуздук кызматы Канатбек Исаевди 30-сентябрда кармаган. "Кыргызстан" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты "массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" деген айып боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган. Биринчи Май райондук соту аны тергөө бүткүчө камакка алган. (ZKo)