Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:15

Чүйдө логистикалык борбор ачылды


“Кыргызцентрпродукт” логистикалык борбору
“Кыргызцентрпродукт” логистикалык борбору

Москва районунун Ак-Суу айылында “Кыргызцентрпродукт” ЖЧКсына таандык логистикалык борбор ачылды. Долбоорду каржылоого Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду 1,5 млн доллар насыя бөлдү.

Логистикалык борбордо картошка, сабиз, пияз, капуста өңдүү жашылча- жемиш тазаланып, атайын кутучада сакталат. Даяр продукция Орусия менен Казакстанга экспорттолмокчу.

“Кыргызцентрпродукт” борбору бир учурда 4200 тонна айыл чарба продукциясын сактай алат. Ишкана жашылча-жемишти Ысык-Көл, Нарын, Чүй облусунун дыйкандарынан сатып алмакчы.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду жалпысынан 778 долбоорду каржылоого көмөктөшүп, бөлгөн насыянын көлөмү 249 млн АКШ долларга жетти. (SDz)

XS
SM
MD
LG