Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

Чек ара кызматы: “Ак жол” өткөрмө бекетинен башка жакта жарандардын тыгыны жок


Чек арада жол азабын тарткандар.
Чек арада жол азабын тарткандар.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак жол” көзөмөл-өткөрмө бекетинен башка пункттарда жарандардын узун кезеги жок. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Чек ара кызматынын маалымат катчысы Салкынай Абдыкариева билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 12-октябрда күндүзгү саат 15:00гө чейин кезек күткөн жарандардын саны 200дөн ашса, учурда 100-150гө азайды.

- Автоунаалардын жалпы саны “Ак жолдо” 200дөй, “Ак тилекте” 150дөй, “Чоң Капкада” 50гө жакын, “Токмок” жана “Чалдыбарда” 10-15тей унаа кезекте турат. “Ак жолдон” башка жакта кезекте турган адамдар жок.

Казакстан менен чектешкен “Ак жол” жана башка өткөрмө бекетинде 10-октябрдан бери узун кезек пайда болуп, миңдеген эл бир нече саат жөө жана машине менен чек арадан өтө албай турат.

Кыргызстандын Чек ара кызматы бүгүн эртең менен тараткан маалыматка караганда, казак тарап 11-октябрда кечки саат 23:00дө көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жарандарды өткөрүү жол-жобосун жеңилдеткен. Анын натыйжасында кезекте турган жарандар бир жарым сааттын ичинде коё берилген. Бүгүн 12-октябрда эртең мененки саат 8:00дөн баштап казак тарап жарандарды өткөрүү процедурасын кайра жайлатып, мунун айынан “Ак жол" көзөмөл-өткөрмө бекетинде жарандардын узун кезеги пайда болгон.(КЕ)

XS
SM
MD
LG