Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

Ысык-Көлдө шайлоочулардын 17,6% добуш берди


Ысык-Көл облусунда саат 12ге алынган жыйынтык боюнча 45 719 шайлоочу добуш берди.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн "Азаттык" радиосуна кабарлашкандай, пайыздык көрсөткүч 17,6% түзүүдө. Облус боюнча жалпы шайлоочулардын саны 265 674 адам. Шайлоочуларды 238 участок тейлеп жатат.

Бүгүн Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүүдө. 11 талапкер ат салышып жатат.

Добушканалар саат 8де ачылган. Саат 10го карата республика боюнча шайлоочулардын 7,5% добуш берген. (AsM)

XS
SM
MD
LG