Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:22

Дохада ушул сааттарга карата 40тай киши добуш берди


Дохадагы шайлоо бекети.
Дохадагы шайлоо бекети.

Катардын баш калаасы Доха шаарында эртең мененки сегизден бери 40 чамалуу киши добуш берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дохадагы шайлоо комиссиясынын мүчөсү Азамат Карымшаков айтты.

- Кыргыз Республикасын Катардагы элчилигинде добуш берүү бекети ачылган. Катарда 450дөй кыргызстандык бар. Эртең мененки сегизден бери менин баамымда 40тай киши добушун берип кетишти. Бул жакта көбү жаштар, алар чет жакта жүргөндүктөн абдан патриот келишет. Иштери эле болуп калбаса, добуш берүүгө аракет кылабыз деген ниетин билдиришкен. Дагы келишет деген үмүттөбүз.

Расмий маалыматтарга ылайык, чет жерде 37 добушкана ачылган. Бул шайлоодо добуш берүүгө укуктуу 3 млн 25 миң 768 жаран бар.

XS
SM
MD
LG