Линктер

дүйшөмбү, 23-июль, 2018 Бишкек убактысы 23:46

Ошто көрүстөндөгү эстеликтерди бузду деп шектелген жарандын баш коргоо чарасы бүгүн аныкталат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Сыдыковдун айтымында, окуя Ош шаарына караштуу Жапалак айыл өкмөтүнүн Татар айылында болгон:

- 28-октябрда жергиликтүү тургундар милицияга арыз менен кайрылган. Алар бул айылга тиешелүү көрүстөндөгү эстеликтерди белгисиз бирөөлөр бузуп, көпчүлүгүн жыгып кеткенин айтышкан. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин натыйжасында ушул эле айылдын 28 жаштагы тургуну, бойдок, эч жерде иштебеген жаран кармалды.

Сыдыковдун айтымында, шектүү жаран күнөөсүн моюнуна алып, мүрзөгө эстелик койбош керек экенин телевизордон көргөнүн, аларды орноткондор күнөө кетиргенин айтып, “Маркумдарга оор болбош керек” деп билдирди.

Кармалган жаран учурда милициянын убактылуу кармоочу жайында. Ага карата иш Кылмыш кодексинин 263-беренесинин (Өлгөн адамдын денесин жана алар көмүлгөн жерди мазактоо) негизинде козголду. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG