Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Нарын: Ооган кыргыздары окуй баштады


Сабактар №86 кесиптик лицейинин имаратында өтүүдө
Сабактар №86 кесиптик лицейинин имаратында өтүүдө

Улуу жана Кичи Памирден келген этникалык кыргыздар билим ала баштады. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди.

Анын айтымында, №86 кесиптик лицейинин имаратында окутуу жүргүзүлүүдө.

Этникалык кыргыздарга беш предмет боюнча Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстардын мугалимдери сабак берүүдө.

Окуучулар жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша 18 жашка чейинки жана андан жогорку курактагылар 2 тайпага бөлүнүп окутулууда. Окуу программасы КР Билим берүү министрлиги тарабынан иштелип чыккан. Ага ылайык күн сайын 2,5 сааттан сабак өтүлсө, ишемби күндөрү окуучулар ийримдерге катышат, жекшемби эс алышат.

Аталган мектептин мугалими Жазгүл Кадыралиева окучулардын айрымдары фарси тилинде окуп, жазганды билет. Ал эми кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча окуучулардын сабакты кабыл алуусу ар башка болгону менен программаны өздөштүрүүсү жакшы деңгээлде жүрүп жатат. Кээ бир окуучулар аз убакыттын ичинде шар окууга жетишти. Кенже курактагы балдарды мектепте окутуу пландалууда.

Памирлик кыргыздар Нарынга өткөн айда келди. Бул убакытта алар облустук ооруканада ден соолугун текшертип, коомчулукка аралашуу аракетин көрүүдө. Бул үчүн атайын психологдор жана мугалимдер иш алып барууда.

Ооганстандан келген 33 памирлик кыргыздардын арасында алты үй-бүлө бар. (MiK)

XS
SM
MD
LG