Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:46

Депутат Улан Чолпонбаевдин сөөгү Бишкекке коюлат


Улан Чолпонбаев

Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата - Журт" фракциясынын мүчөсү, маркум депутат Улан Чолпонбаевдин сөөгү Бишкекке коюлат. Бул тууралуу “Азаттыкка” эл өкүлүнүн жакындары билдирди. Улан Чолпонбаевди акыркы сапарга узатуу тажиясы 13-ноябрда болот.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматы тараткан кабарда депутат акыркы күндөрү бөйрөгүн дарылатып жүргөн. 11-ноябрда комага түшүп, ошол эле күнү кечке жуук Бишкектеги ооруканалардын биринде көз жумган.

40 жаштагы депутат 1997-жылы Кыргызстандын Эл аралык университетинин Эл аралык укук факультетин аяктаган. 2009-жылы Москвадагы Айыл чарба академиясынын финансы жана менеджмент факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1997-жылы “Манас” аэропортунун бажы терминалында инспектор болуп иштөөдөн баштаган.

2010-жылы "Ата-Журт" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон. 2015-жылы "Республика-Ата-Журт" фракциясынын курамында мандат алган.

Маркумдун артында эки кызы калды. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG